Биз менен байланышыңыз

Нурлан Өмүров: «Университет-4.0» модели кадр даярдоо сапатын жакшыртат деген ниеттебиз

Кыска кабар , Пикирлер | 28 мая 2021 | 612 | 0

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына «Университет-4.0» моделин киргизүү үчүн алгачкы кадамдар ташталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда дүйнөдөгү эң алдыңкы университеттердин иштөө принциби, концепциясы «Университет-4.0» моделинин негизинде жүрөт. 2-3 ай мурун Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен атайын жумушчу топ түзүлүп, анализ жүргүзүлүп, европалык моделди биздин шарттарга, менталитетке ылайыкташтырган «Университет-4.0» моделинин жол картасынын долбоору иштелип чыккан. Долбоор 14-майда коомчулукка көргөзүлүп, учурда сунуштардын үстүндө иш жүрүп жатат.

«Университет-4.0» моделинин жол картасы 5 принциптин негизинде түзүлгөн:

1-принцип. ЖОЖдор илим-билим аркылуу мамлекеттин экономалык-социалдык жактан өнүгүүсүнө өзүнүн чоң салымын кошуусу зарыл;

2-принцип. ЖОЖду аяктаган адистер, кадрлар өзүнүн кесиптик ишин баштаганда, кайсы сектордо иштебесин, ошол жерде жаңы инновацияны, жаңы технологияларды колдоно билген, жаңы инновацияны жасай  турган адис болушу керек;

3-принцип. Ар бир ЖОЖ кагаз жүзүндө гана илим бербестен, жаңы инновацияларды жасап чыгууга кудуреттүү болушу зарыл;

4-принцип. Илим өнүгүп, инновация пайда болушу үчүн окуу жайлар кайсы бир кардардан, бизнестен буйрутма алып, аларга жаңы инновация жасап берип, илим-билимдин негизинде өздөрү да жаңы баскычка көтөрүлүп, көрсөткөн кызматы үчүн өздөрү да акчалай пайда көрүшү керек;

5-принцип. ЖОЖдор дүйнө жүзүндөгү жакшы жетишүүлөрдү, тренддерди билип, өнөктөштөр менен чогуу модификациялап, анын жыйынтыгында социалдык, экономикалык багыттардын өнүгүүсүнө шарт түзүп бериши керек.

«Бул модель кадрларды даярдоо сапатын жакшы нукка алып барат деген ниеттебиз. Азыркы учурда окуу жайлар академиялык билим менен гана чектелип жатышат, бизнес болсо алдыга кеткен. ЖОЖ адиси бизнестеги жаңы технологияны колдоно албайт. Жаңы модель боюнча ЖОЖдордо билим менен илимдин негизинде жаңы инновация пайда болуп, анан анын прототиби чыгып, бизнеске барышы керек», — дейт министрдин орун басары.

Ал жол картада 9 багыт, 9 багыттын ичинде 27 максат коюлганын билдирди. Ар бир максатка жетүү үчүн 80дин тегерегиндеги иш-чара 3 жылга бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM