Биз менен байланышыңыз

«Кош бойлуу аял ашыкча дары ичүүдөн, ооругандан сак болушу керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2021 | 985 | 0

Балдар төрөлгөндө эле угуу жөндөмүнөн ажырап төрөлгөн учурлар да кездешет. Врач оториноларинголог, медицина илиминин кандидаты Шухрат Буваев «Маралга» берген маегинде анын себебин түшүндүрүп берди.

Адистин айтымында, ички кулактагы нерв грипптин токсиндерине, дарыларга өтө сезимтал болот. Аял кош бойлуу учурда ар кандай дарыларды ичүүдөн, инфекциялык оорулар менен ооруп калуудан этият болушу керек. Анткени булар ичтеги баланын кулагынын ичиндеги нервди иштен чыгарып коюшу мүмкүн.

Ал эми төрөгөндөн кийин көпчүлүк жаш апалар наристесинин кулагын өтө берилүү менен кээде ашыкча тазалап жиберишет. Кулак чукугучту терең киргизүү баланын угуусуна терс таасирин тийгизет. Кээде кулкуну алам деп жатып, аны ого бетер ары түртүп, кулкунун жыйылып калышына алып келишет. Дарыгердин айтымында, кулакта кулкунун пайда болушу кадыресе көрүнүш, аны тазалабай койсо деле, сүйлөгөндө, бир нерсе чайнаганда, кыймылга келип, өзү эле чыгып кетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM