Биз менен байланышыңыз

Шухрат Буваев: Өнөкөт отит оорусу барлар суудан алыс болуш керек

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2021 | 628 | 0

Эгер адам өзүнүн өнөкөт ириңдүү отит оорусу бар экенин билсе, суудан алыс болушу керек. Бул тууралуу врач оториноларинголог, медицина илиминин кандидаты Шухрат Буваев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгер тарсылдакта тешик болсо, сууга түшкөндө ортоңку кулакка суу кириши мүмкүн. Ал кулакты ириңдетет. Ириңдеген сайын кулактын ичиндеги өзгөрүүлөр көбөйөт. Ириң ички кулакка кирип кетип, аны жабыркатышы мүмкүн.

«Кулагынын тарсылдагында тешик бар экенин билгендер суудан, бассейнден, көлдөн алыс болуш керек. Жуунуп жатканда кулакка кебез тыгып, жаап коюу зарыл. Анан сөзсүз түрдө дарыгерге барып, операция жолу менен тарсылдакты жаптырыш керек», — дейт дарыгер.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM