Биз менен байланышыңыз

Унааны убагында каттатпаса, мурунку ээсинин айыбын кийинки ээси тартат

Коом | 27 мая 2021 | 1548 | 0

Бүгүнкү күндө жарандардын көпчүлүгү унаасын ишеним кат менен сатып алат. Мындай унаалар колдон колго өтүп отуруп, акырында чыныгы ээси табылбай калган учурлар көп эле кездешет. Айта кетчү жагдай, унаанын ээси болуп, аны өзүнө расмий каттаткан адам гана эсептелет. Мындан улам айдоочулар айрыкча, «Коопсуз шаар» долбоору ишке киргени көптөгөн көйгөйгө тушугууда. 

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 1-июндан тартып унааларды кайра каттоо боюнча убактылуу улуттук кампания башталат. Бул убакыт аралыгында транспортко ишеним каттын негизинде ээлик кылып жүргөн жарандарга унаанын базар наркынын орточо эсеби менен бекитилген тарифтик торчодо көрсөтүлгөн пайыздык топтомду төлөбөстөн, өзүнүн атына расмий каттатып алуу мүмкүнчүлүгү берилет. Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Дамира Азимбаева билдиргендей, автоунааны сатууда же сатып алууда аны мыйзам жолу менен каттоодон өткөрүү керек.

«Транспорт каражатын каттоодон өткөрүү үчүн жарандар өзүнө жакын, ыңгайлуу унаа мекемесинин республиканын бардык аймактарындагы бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Унаанын расмий ээси жана сатып алуучу өзүнүн паспорту менен унаа мекемесине кайрылуусу зарыл. Кызмат кайрылуу учурунда гана жүргүзүлөт. Жыйынтыгында, транспорт каражатына күбөлүк мамлекеттик номер белгиси да чогуу берилет. Сатуучу менен сатып алуучунун катталган жери бир облуста жайгашса, унаанын мамлекеттик белгисин алмаштырууга муктаждык жок. Автоунаадагы эски номерин калтырып койсо болот. Бул үчүн атайын мамлекет тарабынан жеңилдиктер каралган».

Ал эми Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Тилек Исаев транспорт каражатына карата кандайдыр бир мыйзам бузуулар катталса, унааны башкарып бара жаткан жаран мыйзам чегинде жоопко тартыларын айтты.

«Транспорт каражаттарына кандайдыр бир издөө салынса, жол эрежесин бузса, соттук чечимдер, унаага карата багыттамалар болсо, кылмыштуу окуяларга тиешеси бар болгон учурда автоунааны айып аянтчасына коюу менен берилген тергөө кызматы тарабынан коюлган чектөөлөргө гана мыйзам чегинде чара көрөбүз. Эгерде автоунааны сатып алган жаңы ээси каттоого кое албай же унаага тиешелүү кандайдыр бир көйгөй жаралса, унаанын мурдагы ээси табылбай жаткан болсо, бул жерде биздин кызмат эч кандай чара көрө албайт».

Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов унааларды каттаган, жол эрежесин бузгандарды көзөмөлдөгөн, айдоочулук күбөлүк берген үч органды бириктирип, ИИМдин карамагына өткөрүп берүү керектигин сунуштайт.

«Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги менен Мамлекеттик каттоо кызматы биргеликте иш алып барышы керек. Ички иштер минстрлиги «Коопсуз шаар» боюнча айып пулду төлөбөгөн жарандардын аты-жөнүн Мамлекеттик каттоо кызматына тапшыруусу керек. ИИМ бул маселеде ишин так аткарышы зарыл. Кандай мыйзам бузуулар болуп жатканын МКК көзөмөлдөй албайт. Транспорт каражатын каттоодо кандай гана мыйзам бузуулар жаралбасын, ИИМ жоопкечиликтүү мамиле кылуусу шарт. Мурда бирөөнүн унаасын бирөө айдабайт болчу. 2012-жылдан бери жеңилдик берүү максатында, унаанын бир колдон экинчи колго өтүшү менен жооптуу адамды табуу кыйынчылыктарды жаратууда. Ушул тармакта коррупциялык маселелер да көп». 

Өкмөт бардык унаа ээлерине жеңилдиктерди колдонуп, автоунааларды өз атына каттатууну өтүнөт. Акция ушул жылдын 31-декабрына чейин гана созулат.

Copyright © 2017 Maral FM