Биз менен байланышыңыз

Ишенапысова: Күнөөлүү медкызматкер жарабай калган вакцинанын акчасын төлөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2021 | 648 | 0

Коронавируска каршы вакцинанын 994 дозасынын жарабай калышы боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Вакциналардын жарабай калганы тууралуу маалыматты медиктер жашырбай, дароо айтышкан. Ишти министрлик өзү иликтеп, кээ бир кызматкерлерге чара көрүп, айрымдарына сөгүш берди.

«Муздаткычтын астындагылар такыр эле болбой калыптыр. Үстүндөгүлөр кичине тоңуп калган экен. Нускамасында жазылгандан кийин кайра эритип, тобокелдикке барган жокпуз. Бизде муздаткычтын өзүнөн кеттиби деген кооптонуу болгон. Бирок иштетип көрсөк эле -18 градусту көрсөттү. Тышта эмдөө алганы келген жарандар бар болчу. Ошол эле күнү 300 дозаны алып келип, бузулган дозаларды алып чыгып кеттик. Көрсө, муздаткычтан эмес, шнурдан кетиптир. Бул — шалаакылык. Түшүнүк кат жаздырсак, кээси «швабра тийип кетти» десе, башкасы «телефон сайылып калды» деп жатышат. Эми азыр ким мойнуна алмак эле? Сырткы камераларды карап көрсөк, ал жайга медкызматкерлерден башка киши кирбептир. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Сот кимди күнөөлүү деп тапса, ал айлыгынан болобу, кайдан болсо да акчасын төлөп бериши керек. Анан биз донорлор менен сүйлөшүп, шартты түшүндүрүп, кайра вакцина алууга аракет кылабыз. Анткени 2-дозасы келип калганга чейин аларды элге сайып бүтүү керек болчу», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM