Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 25 миң медкызматкер, 15 миң педагог эмдөөдөн өттү

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2021 | 442 | 0

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 25 миң дарыгер, 15 миң педагог эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, вакцинациялоону баштоодо биринчи астыга койгон максат дарыгерлерди эмдөө болчу. Алар — реанимациянын, инфекциянын жана кызыл зонанын кызматкерлери.

«Бардыгы 49 миң дарыгер каралган. Алардын 70% деп, 37 миңин алганбыз. Азыркы күндө 25 миң медицина кызматкерин ( 79% ын) эмдөөдөн өткөрдүк», — дейт Ишенапысова.

Ал эми педагогдордон 77 миң кишини эмдөө пландалган болсо, учурда алардын 15 миңи (12% ) вакцина алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM