Биз менен байланышыңыз

Ишенапысова: Дипломаттын каза болушу эмдөө ишине залакасын тийгизди

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2021 | 780 | 0

Эмдөө иштеринин жай жүрүүсүнө бир катар тоскоолдуктар себеп болду. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, калкты эмдөөдөн өткөрүүгө даярдык январь айында эле башталып, министрлик Улуттук план иштеп чыккан. Анда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кеңешин эске алуу менен алгач приоритеттүү топту: дарыгерлерди, социалдык кызматкерлерди, педагогдорду, 65 жаштан өткөндөрдү жана өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөөдөн өткөрүү каралган. Мындай чектөө иштин жай жүрүшүнө алып келген.

«Биз вакцина келгенде эле баарын эмдөөдөн өтүүгө чакыра бербептирбиз. Эмдөө башталган биринчи, экинчи жума аябай оор болду. Негизи жакшы даярдык менен баштаганбыз. 2 күндөн кийин эле Консулдук кызматтын кызматкери, дипломат каза болуп калды. Бул бир жума аябай залакасын тийгизди. Бир жумадан кийин жумасына 5 миң адамга эмдөө жасап аттык. Анткени Орозо башталып калды. 15-майдан кийин бир жумада 16 миң кишини эмдөөдөн өткөрдүк. Эми башында кетирген кемчиликтерибизди эске алуу менен иш алып барып жатабыз», — дейт ал.

Эскерте кетсек, апрелдин башында Жалдагы Эне жана баланы коргоо борборунда 39 жаштагы эркек киши каза тапкан. Ал ТИМдин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров экени белгилүү болуп, медиаэксперт Елена Баялинова соцтармактарда ал күн мурун Кытайдын коронавируска каршы вакцинасын алганын, бул шек жаратуучу жагдай экенин жазып чыккан. Бул коомчулукту бир топ дүрбөлөңгө салган. Кийин дипломаттын вакцина албаганы, организмдин антибиотикке берген реакциясынан улам каза болгону тастыкталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM