Биз менен байланышыңыз

Министрлик калктын 70%ын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүүнү пландоодо

Кыска кабар , Пикирлер | 27 мая 2021 | 419 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук планы боюнча калктын 70%ы коронавируска каршы эмделет. Бул тууралуу Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, учурда эмдөө иштери жандуу жүрүп жатат. Жалпысынан 80 миң адам биринчи доза менен, 30 миң адам экинчи доза менен эмделди.

«Астыга койгон максат — 70% калкты камтуу. Дүйнө биринчи калктын 65% эмделиши керек деген. Жакында эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 80% деди. Бирок биз Улуттук планыбызда 70% калкты көрсөткөнбүз. Бул — биздин 3 млн 199 миң жаран. Вакциналардын болушуна, андан ары түшүшүнө жараша эмдөө иштерин уланта беребиз», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM