Биз менен байланышыңыз

«Мыкты стартап үчүн конкурста тааныш-билиштикке жол берилбейт»

Кыска кабар , Пикирлер | 26 мая 2021 | 465 | 0

Учурда PEAK борбору тарабынан Кыргызстанда уюштурулуп жаткан конкурска катышуу үчүн 60тан ашык арыз түштү. Бул тууралуу PEAK ишкердикти жана инновацияларды өнүктүрүү программасынын өлкөлүк директору Кыял Султанбаева «Маралга» берген маегинде билдирди.

Султанбаеванын айтымында, арыздарды кабыл алууга дагы бир жума убакыт бар. Андан кийин алардын ичинен эң татыктуу, эң мыкты, туура толтурулган 20 арыз тандалып алынат.

«ТОП-20ны тандагандан кийин алар менен байланышка чыгабыз. Аларды Кыргызстандын алкагында өтө турган финалга даярдайбыз. Финал 9-июлда болот. Анда стартаптарды 5 жергиликтүү судья баалайт. Алар — бизнесте тажрыйбалуу, эл тааныган адамдар. 

Финал Дүйнөлүк ишкерлер уюмунун платформасы аркылуу өтөт. Судьялар 20 стартапты тандап атканда продуктусуна 30%, продуктунун өнүгө турган потенциалына 25%, бизнес моделине 20%, командасына 25% деп баалап туруп, финалга чыгарат. Финал англис тилинде онлайн өтүп, дүйнө жүзүнө трансляция болот. Судьялар берген баалардын негизинде платформа генерация кылып, кайсы презентация канча балл алганын аныктап чыгат. Технологиянын жардамы менен болуп аткандан кийин баары ачык-айкын болот. Тааныш-билиштикке жол берилбейт», -дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM