Кытай Кыргызстанга аскердик-техникалык жардам жиберди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен кабарлашты.
Аскердик унаа жана техникалык жабдыктарды тапшыруу аземи 26-майда өтүп, ага Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень катышты.
Министрликтин маалыматына караганда, аскердик-техникалык жардам эки өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн ортосунда кол коюлган келишимдердин алкагында көрсөтүлдү.