Биз менен байланышыңыз

Марипов балдар жазуучуларына сыйлыктарды тапшырды

Кыска кабар | 26 мая 2021 | 343 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов балдар акын-жазуучуларына сыйлык тапшырды.

Сынакка катышкан балдар адабиятынын өкүлдөрү төмөнкү номинациялар боюнча:

— Аман Наматовго «Гүлчечекей кулунчак» аттуу жыйнагы үчүн «Эң мыкты балдар ырлары» номинациясы;

— Ырысбай Абдыраимовго «Түбөлүктүү чеп» аттуу аңгемелер жыйнагы үчүн «Эң мыкты балдар аңгемелери» номинациясы;

—  Сатыбалды Мамбеталиевге «Керемет жомоктор» аттуу жомоктор жыйнагы үчүн «Балдарга арналган чыгармаларды эң мыкты которгону үчүн» номинациясы менен сыйланышты.

Акын-жазуучуларга Өкмөттүн «Ардак грамотасы» менен бирге 50 миң сом акчалай байге да берилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM