Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов балдар акын-жазуучуларына сыйлык тапшырды.
Сынакка катышкан балдар адабиятынын өкүлдөрү төмөнкү номинациялар боюнча:
— Аман Наматовго «Гүлчечекей кулунчак» аттуу жыйнагы үчүн «Эң мыкты балдар ырлары» номинациясы;
— Ырысбай Абдыраимовго «Түбөлүктүү чеп» аттуу аңгемелер жыйнагы үчүн «Эң мыкты балдар аңгемелери» номинациясы;
— Сатыбалды Мамбеталиевге «Керемет жомоктор» аттуу жомоктор жыйнагы үчүн «Балдарга арналган чыгармаларды эң мыкты которгону үчүн» номинациясы менен сыйланышты.
Акын-жазуучуларга Өкмөттүн «Ардак грамотасы» менен бирге 50 миң сом акчалай байге да берилди.