Биз менен байланышыңыз

Депутат: Курал алуу укугуна ээ болгон жарандарга айлык төлөнбөйт

Кыска кабар , Пикирлер | 26 мая 2021 | 518 | 0

Курал алып, чек араны кайтарышуу укугуна ээ боло турган жарандарга -«чек ара ыйгарым укуктууларына» — айлык төлөп берүү маселеси чечилген жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекет бул жарандарга жаңжал чыккан учурда курал берет, жаңжалдын кесепетинен жаракат алса, дарылануусун көтөрөт. Ал эми айлык төлөп берүүгө бюджетте азырынча мүмкүнчүлүк жок.

«Айлык төлөө боюнча Министрлер кабинети менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Алар жылына 2 жолу аскердик даярдыктан өткөрүүнү мойнуна алууга даяр, бирок акча төлөп бере албайт. Биз балким экономикабыз өнүккөн мамлекет болсок, айлык сөзсүз төлөнмөк. Бирок азыркы шартта чек арада жашаган элди колдоонун башка ыкмалары, мисалы, жөлөк пул, документтерди бүтүрүүгө берилген жеңилдетүүлөр менен гана чектелип турат окшойбуз. Буга карабастан, элдин 80-90%ы ыктыярдуу түрдө курал алып, чек араны коргошууга даяр», — деди депутат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM