Биз менен байланышыңыз

Бишкек: «Акыркы коңгуроо» ачык сабагы 68 мектепте офлайн, 29 мектепте онлайн өттү

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 481 | 0

Бүгүн, 25-майда эртең мененки саат 9:00дө борбор калаанын 97 жалпы билим берүү мекемесинде 6 миң 980 бүтүрүүчүгө арналган жыйынтыктоочу класстык сабак болуп өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов бүтүрүүчүлөрдү онлайн куттуктады.

Жыйынтыктоочу сабак 11-класстын окуучулары үчүн 68 мектепте офлайн, 29 мектепте онлайн, ал эми 9-класстын окуучулары үчүн бардык мектепте онлайн өттү.

Белгилей кетсек, быйыл Бишкек шаарында 6 миң 980 окуучу орто мектепти аяктап жатат. Анын ичинен 185 окуучу артыкчылык менен бүттү. Ал эми 9-классты 13 миң 431 окуучу аяктап, анын ичинен 377си артыкчылык күбөлүккө ээ болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM