Биз менен байланышыңыз

Мавлян Аскарбеков: 30 жылда салынбаган парктарды 3-4 жылда салдык

Кыска кабар , Пикирлер | 25 мая 2021 | 967 | 0

2019-2020-жылдары Бишкектин Биринчи май районунда 4 парк, сквер салынды. Бул тууралуу район акиминин турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча орун басары Мавлян Аскарбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Алардын белгилүүлөрү: Бишкектин чок ортосунда жайгашкан «Океан» дүкөнүнүн алдындагы гүл бакча, Көкчө-Тоо жана Түлөбердиев көчөлөрүнүн кесилишинде мурун таштанды жаткан жай, Манас жана Боталиев көчөсүндөгү парк.

«Манас жана Боталиев көчөсүндөгү парк жаңы бүттү, жакында ачылышы болот. Ал — скейтдром, велодром, футбол аянтчасы, балдар аянтчасы менен жасалган жакшы парк. Биринчи май районунда борбордон тышкары көп парк бар. Биз Жибек жолу көчөсүнөн ылдый жакка да көп көңүл буруп жатабыз. Акыркы 3-4 жылда 30 жылдын ичинде салынбаган парктар салынды. Болбосо, аларды четинен сатып алып, кыйып башташкан. Эки жылдан бери «Баят» базарынын  жанына жашыл зона куруу, Ак-Босогого парк салууну пландап жүрөбүз. Мунун баары каражатка байланыштуу созулуп жатат», — дейт Мавлян Аскарбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM