Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Биринчи май районунда 10 көчө оңдолуп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 25 мая 2021 | 492 | 0

Быйыл Бишкектин Биринчи май районунда Кытай грантынын эсебинен 10 көчө оңдолуп жатат. Бул тууралуу Биринчи май районунун акиминин турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча орун басары Мавлян Аскарбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, оңдоо иштерин жүргүзүүнүн 2-фазасында аталган райондо 13 көчө, 2 көпүрөнү оңдоп-түзөө пландалган. Учурда 10 көчөдө иш кызуу жүрүп жатса, 3 көчө ар кандай тоскоолдуктардан улам 2022-жылга калды.

«Азыр Биринчи май району боюнча Түгөлбай ата,  Көкчө-Тоо, Жеңиш жаңы конушуна кире бериш жерде Жаңы көчөсү, Ташкент көчөсү, Ак-Босогодогу Архитектор көчөсү, Кулатов, Логвиненко көчөлөрүндө оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүп жатат.  Ошондой эле Манас көчөсүндө Чоң Чүй каналы аркылуу чоң көпүрө салуу иштери башталды. Ал көпүрөдө унаа өтүүчү жол жана тротуар болот. Андан тышкары Панфилов көчөсүндө Чоң Чүй каналы аркылуу көпүрө салынат. Ак-Босого жаңы конушунда Архитектор көчөсүндөгү эски көпүрө толугу менен жаңыланып, стандартка ылайыкталат жана өзүнүн тротуары менен салынат», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM