Биз менен байланышыңыз

Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова Баткен тууралуу ырын жарыялады (видео)

Кыска кабар | 25 мая 2021 | 1286 | 0

Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова «Керемет Баткеним» аттуу жаңы чыгармасын жарыялады. Бул тууралуу ырчынын кызы Кундуз Авашова Фейсбук баракчасында жазды.

Авашова — «Керемет Баткеним» ырынын текстинин автору. Ал эми ырдын обону Саламат Садыкованын өзүнө таандык. Бул чыгармада Баткен облусунун табияты тууралуу баяндалып, клибинде Баткендин кооз жерлери даңазаланган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова 1956-жылы 28-сентябрда Баткен районунун Кызыл-Жол айылында туулган. Алгачкы эмгек жолун Баткен районунун маданият үйүнөн баштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM