Биз менен байланышыңыз

Нурматов: Чек араны бир тараптуу жаап таштаган учурга Кыргызстан деле туш болгон

Кыска кабар , Пикирлер | 25 мая 2021 | 1542 | 0

Кечээ, 24-майда Кыргызстан Тажикстан менен чек араcын бир тараптуу жаап, тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагына кирүүсүнө, өлкө ичинде жүрүүсүнө жана транзиттик өлкө катары пайдалануусуна чектөө койду. Ошондой эле коңшу өлкөгө товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү чектелди. Бул чечим коомчулукта эки анжы пикир жаратты. Айрымдар муну «туура кадам» десе, кээси «чек араны бир тараптуу жабуу эл аралык нормаларга каршы келет» деген ойду карманышууда.

Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын доценти Темирбек Нурматов «Маралга» бул маселе боюнча өз пикирин билдирди.

«Коңшу мамлекеттер чек араны бир тараптуу жаап таштаган учурга Кыргызстан деле учурап жатпайбы?! Тажикстанга окшоп, жаңжал салбасак деле биздин товарларды өткөрбөй коюп жатышат. Болгондо да бир Биримдикте туруп…

Бул — албетте, оор маселе. Биздин тажик элине, тажик мамлекетине жамандыгыбыз жок. Бирок чек ара, жер маселесин чечүүбүз керек. Ал маселени ордунан жылдыруу үчүн бул кадам керектир. Алака мыйзамдын негизинде жүрүп турса, башка маселе. Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү май, бизден чыгарылбаган, биз башка жактан алып келген товарлар контрабандалык жол менен байма-бай өтүп туруптур. Андыктан, чек аранын жабылышы —  жакшы көрүнүш, биз контрабанданы жоюшубуз керек, бажыны күчтөшүбүз керек. Товарлар бажы аркылуу өтүп, тийиштүү төлөмдөр төлөнүп, бюджет тийиштүү акча каражаттарын алышы керек. Ошондо гана Баткен эли көтөрүп аткан маселе – жергиликтүү экономиканы көтөрүү маселеси чечилет», — деди Нурматов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM