Биз менен байланышыңыз

Нурматов: Кыргызстан Түрк, Араб дүйнөсү менен да алаканы чыңдашы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 25 мая 2021 | 454 | 0

Кыргызстан ачык коом куруп жаткандан кийин бардык мамлекеттер менен мамилелерди тийиштүү деңгээлде өнүктүрүү маселелеси турат. Мындай пикири менен Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын доценти Темирбек Нурматов «Маралга» берген маегинде бөлүштү.

Анын айтымында, азыркы заманда мамлекеттер бекинип, өз-өзүнчө болуусу мүмкүн эмес. Мындан улам Кыргызстан да көп векторлуу саясат жүргүзүп, коңшу мамлекеттер менен катар Түрк дүйнөсү менен, Араб дүйнөсү менен алаканы чыңдашы керек.

«Тышкы саясатта бир багытты көздөп, ошол менен кеткен — «чолок саясат». Биз Түрк дүйнөсү болобу, же башка мамлекеттер болобу, баары менен алаканы чыңдашыбыз керек.  Мисалы, Кытай Эл Республикасын алсак, бул да биздин чоң өнөктөш коңшу мамлекетибиз. Соода-сатык буга чейин аябай чоң деңгээлде жүрүп келген. Ошол деңгээлге кайра жетүү маселеси турат. Биздин Араб дүйнөсү менен да байланышыбыз бар. Бирдей кызыкчылыктарыбыз бар. Динибиз бир. Түрк мамлекети — биздин боордош эл. Постсоветтик өлкөлөр арасында да өз ордубуз бар. Кытай менен ата-бабаларыбыз миңдеген жылдар бою мамиле түзүп келген. Тышкы саясатта негизги максат – бардык багытта иштерди жигердүү жүргүзүп, көп векторлуу багытта кетүү. Бир багытта кетүү биздин кызыкчылыкка жооп бербейт», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM