Биз менен байланышыңыз

Матубраимов: Кадрды дайындоодон да, даярдоо маанилүү

Кыска кабар , Пикирлер | 24 мая 2021 | 491 | 0

Акимдерди ротациялоодо жөн гана бир райондон экинчи районго которуп коюу жетишсиз, аларды бара турган жерине даярдаш керек. Мындай пикирин мурунку биринчи вице-премьер-министр Алмамбет Матубраимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кадр дайындоодо, биринчиден, кадрды тандоо керек. Башкаруучулук, уюштуруучулук жөндөмү бар тың балдарды билими жок болсо, окутуу керек. Андан кийин башка жактардан стажировкадан өткөрүп, болбосо, атайын мугалимдерди алып келип, сабак өтүү зарыл.

«А бизде акимге депутат келет, «башыңды жулуп алам» дейт, губернатор келет, «башыңды жулуп алам» дейт, аппараттан келет, «мындай кыласың, болбосо, башыңды жулуп алам» дейт. «Мен сени кызматтан кетирип коем», — дейт, эртеси кетирет. Азыр кишини жумуштан кетирүү оңой эле нерсе. Андай болбошу керек. 

Бул жердеги биринчи маселе — кадрды тандоо, даярдоо, анан дайындоо. Мүмкүн биз азыр ротация кылып, акимди кичинекей райондон чоң районго алып барып койдук. Ал балким  кичине райондо жакшы иштеп жаткан, 3 -5 эсе чоң районго алып барып койсо, ал жерде иштей албай калышы мүмкүн. Же болбосо, Чүйдөгү кишини түштүккө алып барып койсо, ал жакта менталитет башка, Чүйдөгү менталитет башка, Талас менен Нарынды алмаштырса, экөөнүн менталитети эки башка. Ошол жердеги нерсеге адаптация кылып, элдин менталитети тууралуу түшүндүрүп, жок дегенде 3-4 айлык курстарды окутуп,  бюджеттик негиз, мыйзам ченемдер тууралуу айтып, «кантип өзүңдүн кызматыңды колдоно аласың», «кайсы жерде кандай башкаруу кыла аласың», «эмне жетишпей жатат, ошол системага алып келип берели» деп турса, кадр саясаты өнүгүп кетет эле. Бүгүнкү кездеги кадр саясаты — билим берүү системасы өлдү десем жаңылбайм», — дейт экс-премьер-министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM