Биз менен байланышыңыз

Байышбек Астанакулов: Акимдер азыркы мүмкүнчүлүк менен да чоң иштерди жасай алат

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 1103 | 0

Байышбек Астанакулов Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэри болуп иштеп жаткан. Ал президенттин район акимдерин ротациялоо боюнча чыккан «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыгына ылайык, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими кызматына дайындалды.

Байышбек Астанакулов ротациялоодон жакшы жыйынтык чыгат деп ишенет. Себеби анын пикиринде, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органында иштеген кызматкер канча көп жер көрүп, канчалык көп кызматта иштесе, иши ошончолук натыйжалуу болот.

Ал буга чейин Ош шаардык кеңешинде башкы юрист, Жалал-Абад шаардык сотунда судьянын жардамчысы, сот отурумунун катчысы, Ош облусунун Юстиция башкармалыгында стажер, Жалал-Абад «Билим Ордо» окуу борборунун директору болуп шитеген.

2019-жылдын 1-июлунан 2021-жылдын 23-майына чейин Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Айдаркен шаарынын мэри болуп эмгектенди.

«Мен акимдерди ротациялоо аябай туура болду деп эсептейм. Өзүм буга чейин Ош, Жалал-Абад облустарында ар кайсы тармакта көчүп иштеп жүргөм. Ошондуктан мамлекеттик кызматкер канча көп жерди көргөн болсо, ишинин эффективдүүлүгү ошончо көп болот. Анткени жаңы жерге барганда адам жаңыча ойлонот, ошол жерди өнүктүрүүнү ойлонот. Мен ротация аракети жыйынтыгын берет деп ишенем.

Өзүм Тоң районунун акими болуп дайындалганым тууралуу жаңылыктардан эле окуп, таң калдым. Бүгүн борборго (Бишкекке) келдик. Жумуш ордума эми барып, тааныштырылабыз. Мен жумушту баштоодо эң алгач, ар бир айыл аймактагы эл эмне менен алектенерин аныктап чыгайын деп атам. Экинчиден, айыл өкмөттөрдү шайлоонун ачык болушун көзөмөлгө алам. Бул менин милдетим деп эсептейм.

Мен үчүн Кыргызстандын жалпы аймагы тааныш. Тоң районунда бир топ өзгөчөлүктөр бар, абасы, суусу таза жер, багбанчылыкты өнүктүрүүгө басым жасаса болот. Сөзсүз түрдө туризмге да көңүл буруу керек. Чоң мейманканаларды куруп, өнүккөн мамлекеттердин тажрыйбасын колдонуу керек деп ойлойм.

Акимдердин бюджети чынында чектелүү. Бирок азыр жаңы мыйзамдар иштелип чыгууда. Ага ылайык, акимдердин ыйгарым укуктары кеңейтилет. Андан кийин көбүрөөк жумуш кылууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Бирок азыркы шартта деле инвесторлор менен сүйлөшүп, же болбосо айыл өкмөттөр менен үстүртөн эле эмес, ар бири менен жекече иштешип, алардын ар кандай долбоорлорду тартуусуна көмөктөшүп, мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзсө болот», — деди Тоң районунун жаңы акими Байышбек Астанакулов.

Байышбек Астанакулов 1988-жылы 13-мартта Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жал айылында туулган.

Жогорку билимдүү. Ош технологиялык университетин финансист адистиги боюнча аяктаган. Жалал-Абад Эл аралык университетинин юриспруденция факультетинде окуган. Президентке караштуу Башкаруу академиясында «Мамлекеттик башкаруу» адистиги боюнча магистрант. Европадагы сот тутумунун сертификацияланган адиси, Анкара шаары (Түркия).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM