Биз менен байланышыңыз

Кабулов: Тажикстан менен Өзбекстан АКШнын аскердик базасын өз аймагына жайгаштырбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 24 мая 2021 | 901 | 0

Тажикстан менен Өзбекстан АКШнын аскердик базасын өз аймагына жайгаштырбайт. Ага кабатырланууга негиз жок. Бул тууралуу Орусия президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов «Известия» гезитине берген маегинде билдирди.

«Биздин тажик жана өзбек өнөктөштөрүбүздөн алган маалыматтар боюнча АКШ тараптан аскердик базасын жайгаштыруу үчүн расмий сунуш эки өлкөнүн өкмөтүнө келип түшкөн эмес. Бул — биринчи себеби. Экинчиден, алар мындай нерсе мүмкүн эместигин бизге түшүндүрдү. Мындан улам биз буга каршы күрөшүү үчүн анчейин жан үрөшүбүздүн кереги жок», — деп айткан Кабулов.

Тажикстан ЖККУнун мүчөсү болгондуктан, АКШнын аскердик базасын жайгаштыруу үчүн уюмдун уруксатын алышы керек. Ал эми Өзбекстан — Орусиянын стратегиялык өнөктөшү, ошондой эле ал өлкөнүн Башмыйзамында чет өлкөнүн аскердик базасын өз аймагына жайгаштырууга тыюу салынган.

Буга чейин The Wall Street Journal өзүнүн жеке булагына шилтеме берип, АКШ Ооганстандан чыгарган аскердик базасын Борбор Азияга жайгаштырууну пландап жатканын жазган. Ал өлкөлөр Өзбекстан же Тажикстан болушу мүмкүн деп болжолдонгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM