Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык өндүрүүчүлөр Amazon аркылуу товарын түз сатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү

Кыска кабар | 24 мая 2021 | 669 | 0

Дүйнөдөгү электрондук коммерция боюнча эң ири платформалардын бири, америкалык Amazon компаниясы кыргызстандык өндүрүүчүлөр товарларын түз сатуусу үчүн аянтча бермей болду. Тактап айтканда, америкалык компания Борбор Азия өлкөлөрү үчүн мүмкүнчүлүктөрүн ачты.

Эми Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын өндүрүүчүлөрү Amazon сайтына түз катталып, товарларын дүйнө жүзүнө сунуштай алат. Мындай жаңылык компаниянын сайтындагы жаңылоолордон кийин пайда болду.

Кыргызстандык компаниялар Amazon сайтында соода кылуу үчүн алгач сайтка кирип каттоодон өтүүсү керек, аккаунтун тууралап, өзүнүн ишкер жана өндүрүүчү экенин тастыктаган документтерди кошуусу зарыл. Ошондой эле банк эсеби жана эл аралык төлөм картасы болууга тийиш. Башка шарттары менен толугураак таанышуу үчүн  Amazon сайтына кириңиз. 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM