Биз менен байланышыңыз

Кубанычбек Исабеков: «Кумтөр» боюнча мамкомиссиянын ишинде мүчүлүштүк бар

Кыска кабар , Пикирлер | 21 мая 2021 | 649 | 0

«Кумтөр» боюнча Эл аралык арбитраждык сотко фактылар менен барсак жакшы болмок. Мындай пикирин экс-вице-спикер, экономист Кубанычбек Исабеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, азыркы бийликтин чечкиндүү кадамдары колдоого арзыганы менен мамлекеттик комиссиянын ишинде мүчүлүштүктөр болуп жатат. Биринчиси, комиссиянын курамына «Кумтөрдү» жакшы билген кесипкөй адамдардын кирбей калганы, экинчиси, мамлекеттик комиссия түзүүдө мыйзам бузулганы.

«Мен билгенден «Кумтөрдү» жакшы билген 3-4 жаран комиссиянын курамына кирбей калды. Советтер Союзу убагында «Кумтөрдүн» геологиясын иликтеп-жиликтеген Кубат Осмонбетов деген кыргыз жараны бар. Геология илимдеринин доктору, профессор. 1987-жылы «Кумтөрдү» изилдеп бүткөндө, 716 тонна алтындын запасы бар экени аныкталып, ушул кишинин колу коюлган. Ал киши четте калды. Андан тышкары экономика илимдеринин доктору Кубанычбек Идинов, Айылчы Сарыбаев жана Медеткан Шеримкуловдор. Анара аттуу көз карандысыз эколог бар. Динара Кутманова ошол айымдын кол алдында иштеген. Мына ушул адамдарды кошсо болмок. 

Экинчиден, бул депутаттардын мөөнөтү былтыр октябрда бүткөн. Анысы аз келгенсип, мамлекеттик деп комиссия түзүп коюшту. Башмыйзам боюнча мамлекеттин атынан, элдин атынан сүйлөй турган жалгыз эле президент бар. Өкмөт өкмөттүк, парламент парламенттик эле комиссия түзө алат. Эл аралык сотко бара турган болсок, бизде ушундай мүчүлүштүктөр болуп атат. Эл аралык соттор да биринчи Кыргызстандын ички мыйзамын карайт», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM