Биз менен байланышыңыз

Ишкер: Инвесторлорго жасалган мамиле Кытай менен алаканы солгундатты

Кыска кабар , Пикирлер | 21 мая 2021 | 712 | 0

Акыркы мезгилдерде буга чейин солгундап кеткен кыргыз-кытай мамилесинде бир аз жандануу бар. Мындай пикирин соода жана логистика жаатында иш алып барган жеке ишкер Токтобек Акматов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эки өлкө ортосундагы мамиледе мүчүлүштүктөр бар экени расмий айтылбаганы менен Кытай менен алака кылган ишкерлерге сезилерлик болду. Муну ал Кыргызстандагы инвесторлорго жасалган мамилеге байланыштырды.

«Мурда кыргызстандык экениңди угушса, «бизге дос өлкө» дешчү. Кийинчерээк мурдагыдай болбой калганы сезилди. Бул биздин өлкөдөгү Кытай инвесторлоруна болгон мамиледен улам деп ойлойм. Инвестор мыйзам бузууга барса, аны мыйзам талаасында чечиши керек болчу. Бизде андай болгон жок. ЖЭБ маселеси да буга залакасын тийгизди. Ортодо пандемия болуп кетти. Бирок пандемияны саясат катары көрбөй эле койсок болот. Бирок акыркы убакта Кытай биздин экономикага 54 млн доллар бөлүп, вакцина берип жатканынан мамиле жакшы нукка түшүп баратканына үмүт бар», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM