Биз менен байланышыңыз

«Өлкөдө чет жактан келген пестициддерди изилдегенге шарт жок»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 мая 2021 | 379 | 0

Кыргызстанга чет жактардан ташылып келинген пестициддер изилдөөдөн өтпөйт. Бул туурасында Өсүмдүктөрдү коргоо жана карантин департаментинин фитосанитардык коопсуздук бөлүмүнүн башчысынын орун басары Туратбек Идрисов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аларды текшерүү үчүн өлкөдө Союздукундай илимий институттар, же заманбап шаймандар жок.

«Мындан улам биз алардын башка мамлекеттерден өткөн изилдөөлөрүн тааныйбыз. Мисалы, Орусияда, же Казакстанда изилденген болсо, ошого таянып, мамлекеттик каттоого ала беребиз. Биз колдонуп жаткан акыркы үлгүдөгү дарыларды нускамада көрсөтүлгөн өлчөмдө, өз эрежеси менен колдонсо, адам баласына зыяны жок», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM