Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде кезек күтүү мурдагыдан көбөйдү

Коом | 19 мая 2021 | 1855 | 0

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинде кыргыз жарандарынын ар кандай багыттагы документ алуусунда кыйынчылыктар жаралып, тейлөө кызматы алгылыктуу болбой жатканы айтылууда. 

Орусиянын Ички иштер министрлиги өз аймагында мыйзамсыз жүргөн мигранттардын чыгып кетүүсү үчүн 15-июнга чейин убакыт берген. Буга байланыштуу Орусиядагы кыргыз элчилигинде кезек күткөн жарандар көбөйгөнү маалымдалды. Жеке ишкер Азамат Адылгазиев элчиликтеги бул көрүнүш 30 жылдан бери эле болуп келе жатканын, мамлекет ушундай кырдаалда мигранттарга электрондук кезек күтүүгө шарттарды түзүп бериши керектигин айтат.

— «Эмне үчүн киши мынча көп?» — деген суроо болушу мүмкүн. Бул жакка көбүнчө паспортун жоготкондор же мөөнөтү бүткөндөр, мекенине кайтуу күбөлүгүн жасаткысы келгендер, жаңы төрөлгөн баласына ПИН алалы дегендер, юридикалык жардам алууну каалагандар, айтор ушул сыяктуу көптөгөн маселе менен келишет. Элчиликтеги тейлөө кызматы жакшы эмес. Анын ичинде майда иштер көп. Анын баарын мамлекет көзөмөлдөшү керек. Бул маселе тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан чечилиши керек. Элчиликке кайрылган жарандардын саны жыл сайын өсүүдө. 

Ал эми Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова бул маалыматты четке какты. Анын айтымында, учурда элчиликте тейлөө кызматы мурдагыдан кыйла жакшырган. Маселен, жаңы система киргизилгенден бери мекенине кайтуу күбөлүгүн алуу мурункудай 4-5 күндө эмес, 3 сааттын ичинде даярдалып жатат. Себеби бул боюнча элчиликтин көпчүлүк кызматкери иш алып барууда.

— Мекенине кайтуу күбөлүгүн (СВР) берүүдө учурда элчиликтин дээрлик көпчүлүк кызматкери тартылган. СВРге документ кабыл алуу, документтерди «обработка» кылуу, даярдоо, паспорттордун мөөнөттөрүн узартуу боюнча бардык кызматкерлер иш алып барып жатат. Орусия аймагында төрөлгөн балдарга ПИН берилет, анан СВР берилет. ПИН боюнча да иш алып барышууда. Алтыга чейин кабыл алып, андан кийин эшикти жаап алышпайт. Имараттын ичиндеги жарандарды тейлеп бүтүп, анан кабыл алууну токтотушат. Сырткы эшикти алтыда жапкан себеби, ичинде топтолгон адамдарды тейлөө убакытты талап кылат. Мындан сырткары жарандарды кабыл алып бүткөндөн кийин документтер менен иштешет. 

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы мигранттардын документтик иштери оңой бүтүрүүсүн камсыздоо үчүн жаңы өзгөртүүлөрдү киргизүү алдында турат. Ал боюнча мекеменин маалымат катчысы Дамира Азимбаева түшүндүрүп берди.

— Жарандык абалдын актыларын каттоо, жалпы жарандык паспорт, 2020-жылдагы жаңы үлгүдөгү паспорттор, жаңы төрөлгөн ымыркайга персоналдык-идентификациялык номуру Орусиядан берилип жатат. Ошондой эле айдоочулук күбөлүктү да Орусиядан алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатат. 

Эгерде жогорудагы кошумча кызматтар элчиликке жүктөлө турган болсо, кезек күтүүнүн саны дагы да көп болушу мүмкүн экенин айтышып, чочулаган мигранттар да жок эмес.

Расмий статистика боюнча бүгүнкү күндө 69 чет өлкөдө 866 миң 825 кыргызстандык эмгектенет. Анын ичинен көпчүлүгү, тагыраагы, 737 миң 929 кыргыз жараны Орусияда иштейт.

Кыргызстандан тышкары жүргөн мекендештердин 2004-2006-жылы чыгарылган паспортунун жарактуу мөөнөтү 2021-жылдын 1-сентябрына чейин узартылган.

Copyright © 2017 Maral FM