Биз менен байланышыңыз

Сот: Василий Дашков үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 19 мая 2021 | 355 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын мурдагы башкы директору Василий Дашков үй камагына чыгарылды. Мындай чечим Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 18-майдагы токтомуна ылайык кабыл алынган.

Сот Башкы прокуратуранын бөлүмүнүн улук прокурорунун өтүнүчүн канааттандырды.

Шектелүүчү Дашковго карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагы 18-июлга чейин тандалды.

Буга чейин «Кыргыз темир жолу» ишканасынын башкы директору Василий Дашков УКМК тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин «Kaktus.media» басылмасы коопсуздук органдарынын кызматкерлерине таянып жазган. Ал 18-майда коррупцияга шектелип кармалып, УКМКга жеткирилгени айтылган.

Иликтөөчү журналистер Али Токтакунов менен Болот Темиров темир жол тармагындагы тендерлерди Дашковдун өзүнүн компаниялары утуп келгендигин жарыялашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM