Биз менен байланышыңыз

«Жаңы кодекс Айзаданы ыкчам издөөдө «оперативниктердин» колу-бутун бууду»

Кыска кабар , Пикирлер | 19 мая 2021 | 1245 | 0

Жаңы кодекстер ыкчам кызматкерлердин бардык ыйгарым укуктарын алып коюп, бирок талапты мурункудай эле коюп жатат. Мындай пикирин ИИМдин ардагери, отставкадагы полковник Нурлан Абдылдаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Жаңы кодекстеги өзгөртүүлөр: ИИМдин иши оорлоштубу?» темасында жүргөн маекте ИИМ ардагери жаңы мыйзамдардын кемчилигин Айзада Канатбекованын өлүмүнүн бетин ачуудагы «оперативниктердин» ишинин мисалында түшүндүрүп берүүгө аракет  кылды.

Анын айтымында, кыз уурдалып кеткенден кийин ыкчам кызматкерлер мурункудай ыкчам иштей алышкан жок. Буга бюрократиялык учурлар тоскоол болду.

«Мурдагы кодекс боюнча бул иште тергөөчү эмне кылмак? Кыздын жакындарынын арызын каттап туруп, ишти козгоп, оперкызматкерге тапшырма бермек. Ыкчам иликтөө кызматы тергөөчүдөн сурабай эле, мурунку кодекстеги «Ыкчам иликтөө ишмердүүлүгү тууралуу» Мыйзамда жазылган 21 учурду өз алдынча аткара бермек.  

Жаңы кодексте 21 учурдун он бирин «Атайын тергөө иш-аракеттери» деп киргизип койгон. Ага ылайык, 11 иштин сегизи үчүн соттон чечим алуу керек. Чечимди ыкчам кызматкер өзү барып ала албайт, тергөөчү барып алышы керек. Ошол эле учурда тергөөчүдө 500-600 иш бар, Айзаданын иши 501-болуп калды. «Издегиле» деген тапшырманы тергөөчүгө берди. Оперкызматкер иштейин десе, эч укугу жок. Сыртка чыгып, «көрдүңөрбү?», «көрдүнөрбү?» деген эле образ болуп калды. Кадам таштайын десе, анын ар бирине тергөөчүнүн өтүнүч каты менен сотко барып уруксат алышы керек болуп калды. Ошону менен издөө иштери токтоп калбадыбы! Мурдагы мыйзам боюнча, тапшырманын негизинде 21 ишти өздөрү кыла бермек, телефонду тыңшоо керек болгондо гана уруксат алмак.

Азыркы мыйзам боюнча  соттон уруксат алуу үчүн аз дегенде 2 күн кетет. Анткени тергөөчү биринчи өзүнүн өтүнүчүн жазат, анан прокурорго барат, аны менен макулдашып, анан экөө самсаалап судьяга барат. Ал жерде өзүнчө процесс — тергөөчү судьяга эмне себептен уруксат керек болуп жатканын түшүндүрүп бериши керек. Аны карап, макул болуп чечим чыгарып берип, канцелярияга каттап дегендей… Анын баары убакытты алат», — дейт полковник.

Анын айтымында, мурун баарын шашылыш бүтүрүүгө жол берилген жагдай каралган. Бирок андай учурлар судьянын шектенүүсүн жараткандыктан, катардагы кызматкерлер бул жолду тандагандан коркушат.

«Экинчи тоскоолдук, мурда ыкчам кызматкерлер маалымат топтоо үчүн мамлекеттик органдардагы маалыматтык базадан маалымат  ала алчу. Азыр тергөөчү сурам жөнөтмөйүн,  ала албайт. Телефондогу сүйлөшүүлөрдү алуу үчүн тергөөчүнүн сурамы, соттун санкциясы керек. Мына ушундай укуктун баарын ыкчам кызматкерлерге берүү керек. Эч нерсеге уруксат бербей туруп, мурункудай жыйынтык көрсөткүлө деп талап кылган туура эмес. Талап кыласыңарбы, анда силер да ыкчам кызматкерлерге ишенгиле», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM