Биз менен байланышыңыз

Лавров кыргыз-тажик чек арасы боюнча комментарий берди

Кыска кабар | 19 мая 2021 | 1281 | 0

Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Тажикстан менен Кыргызстан чек араларын тактоо үчүн демаркациялоо иштерин баштаганын жакшы жышаан деп баалады. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Маалым болгондой, Сергей Лавров учурда жумушчу сапары менен Тажикстанда жүрөт. «Тажикстан менен Кыргызстан чек араларын демаркациялоого киришти. Бул башка постсоветтик өлкөлөр үчүн жакшы мисал боло алат», — деп билдирген Лавров.

«Тажикстан менен Кыргызстандын конфронтациядан кызматташтыкка өткөнү тууралуу кечээ талкууладык. Биз жакында болуп өткөн конфликттин опурталдуу фазасы артта калганына кубандык. Эң негизгиси эки өлкө тең демаркация жана делимитациялоо иштерине киришкени жакшы болду», — деп сөзүн жыйынтыктаган.

Белгилей кетсек, Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров тажикстандык кесиптеши менен Душанбе шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM