Биз менен байланышыңыз

Нурлан Абдылдаев: ИИМдин кесипкөй жетекчиге муктаждыгы бар

Кыска кабар , Пикирлер | 19 мая 2021 | 422 | 0

Ички иштер министрлигине моралдык, профессионалдык жактан даяр эмес адамдар жетекчиликке келип жатканы ишти аксатып жатат. Мындай пикирин ИИМдин ардагери, отставкадагы полковник Нурлан Абдылдаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, катардагы кызматкерлердин иш билгилиги тийиштүү деңгээлде, алар колунан келгенин кылып жатат. Көйгөй — жетекчилерде. Полковник буга аскер кызматкерлеринин системасын мисалга тартып, ал жакта кызматтан көтөрүлөм деген адам башка жактардан билимин жогорулатып келип, андан кийин гана бир тепкич өйдө жыларын айтат.

«ИИМде андай нерсе ички документтерде жазылган менен практикаланбайт. Кээси окуусун эптеп сырттан бүтүрөт. Анан катардагы кызматкер болуп жүрүп эле, саясий кырдаал өзгөргөндө таанышы бийликке келет да, аны дароо орун басар же министр кылып таштайт. Ал моралдык, профессионалдык жактан даяр эмес, жеткиликтүү билими жок. Деңгээли райондук деңгээлде жүрөт. Анан ал реформаны кайдан кылат? Көңүлдү ушуга буруу керек»,  — дейт ИИМ ардагери.

Анын пикиринде, жетекчилердин профессионалдык деңгээлинин төмөндүгүнөн, командада иштей албаганынан өлкө ыкчам жете турган реформаларга таш баканын кадамы менен баратат.

«Бизде башка мамлекеттерге салыштырмалуу бир топ жакшы мыйзамдар бар. Жарандык коом, сөз эркиндиги бар. Журналисттерди камап койгон жеке фактыларды эске албаганда, жалпысынан каалаган учурда кимге болбосун сын айта алабыз. Бирок ошол эле учурда баары жакшы деп отуруп алган туура эмес. Бат жетчү нерсеге таш баканын кадамы менен баратабыз. Мунун себеби — жетекчилердин субъективдүү мамилеси. Бизде команданын иши жок. Жетекчи чоң болсо эле, башкалардын оюн уккусу келбейт. Жетекчи жөнөкөй болуп, кол алдындагылар же жарандык коом айткан жакшы идеяларды ишке ашырса, бат өнүгөт элек. «Мен чоңмун, мен айткандай болуш керек» деген тема менен жылбай калып атабыз. Жаңы мыйзамдарды талкуулоодо дагы патриот эксперттер ал топторго кирели дешсе, киргизбей коюшту. Ошондой кырдаалдар элде шектенүүнү жаратат. «Булар жашыруун кандай мыйзамдарды кабыл алганы жатышат?» — деген күмөн пайда болот. Баары ачык-айкын талкууланса, жакшы болмок», — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM