Биз менен байланышыңыз

«Пандемия менен чек арадагы кагылыш элдин аң-сезимин жаңы тепкичке көтөрдү»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 мая 2021 | 501 | 0

Акыркы мезгилдерде биздин мамлекеттүүлүгүбүз жана иденттүүлүгүбүз, элдин аң-сезими жаңы тепкичке көтөрүлдү. Мындай пикирин социолог Самарбек Сыргабаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Ал өз сөзүндө америкалык социолог, саясат талдоочу Сэмюель Хантингтондун «Цивилизациялардын кагылышы» эмгегинде айтылган факторлорду эске салды.

«Автор өз эмгегинде «Биз кимбиз?» деген суроого жооп бере турган акыбалдын бир нече факторун атаган. Ошондо күчтүү фактор катары согуш аталып, согушту башынан кечирген элдин иденттүүлүгү, анан мамлекеттүүлүгү жаралат деген. Бул — бир фактор. Башка жолдор менен да калыптанат.  Акыркы мезгилдерде биздин мамлекеттүүлүгүбүз жана иденттүүлүгүбүз, элдин аң-сезими жаңы тепкичке көтөрүлдү. Бул согуш бизди бириктирди. Жаштар арасында жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянып, биз, социологдор, «кыргыздардын жарандуулук аң-сезими төмөн» деген баа берчүбүз. Мобилизациялык күчүбүз төмөн деп ойлогонбуз. Бирок пандемия менен чек арадагы окуя тескерисинче экенин көрсөттү.

Биз азыр мамлекеттүүлүктү куруунун, жалпы жарандык иденттүүлүктү куруунун жолунда бара жатабыз. Бул багытта секирик жасалды. Бул — жаңжалдан алган бир сабак. Акыркы окуялар, пандемия жана чек арадагы жаңжал, бизди саясий улут катары калыптандыруу  үчүн чоң салым кошту. Биздин көмүскөдө жаткан мобилизациялануу, тез арада бириге калуу мүмкүнчүлүгүбүздү көрсөттү. Түндүк-түштүк болуп бөлүнүү маселеси саясатчы сөрөйлөр ойлоп тапкан жасалма конструкция сыяктуу сезилип калды. Муну биздин улуттук феномен деп так кесе айтсак жарашат. Тажиктерде, мисалы, андай феномен жок экен», — дейт социолог.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM