Биз менен байланышыңыз

Социолог: Баткен коогасы сөз эркиндигинин болушу маанилүү экенин көрсөттү

Кыска кабар , Пикирлер | 18 мая 2021 | 535 | 0

Баткендеги кандуу кагылыш Кыргызстан регионалдык геосаясатта чабал экенин көрсөттү. Мындай пикирин социолог Самарбек Сыргабаев «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мамлекет бул окуялардан эки сабак алышы керек. Биринчиси, чек  арадагы коога Кыргызстан аскердик потенциалын жогорулатышы зарыл экенин көрсөттү. Өлкө ЖККУ сыяктуу аскердик-саясий блокторго мүчө болгону менен «апасынын этегин кармаган баладай» болбой, кийинки баскычка көтөрүлүшү керек.

Экинчиси, өлкөдө сөз эркиндигинин болушу маанилүү экени далилденди. Маалыматтык согушта биздин көз карандысыз ЖМКлар армия сыяктуу эле ишти аткарды.

«Активисттерибиз демилге көтөрүп, маалыматты англис тилинде жазып, хештегдер менен дүйнөлүк медиаларга таратышты. Бул демилгени айрым ЖМКлар илип алып, алар да жаңылыктарды англис тилинде жазып чыгарышты. Башка мамлекеттерде жашап жаткан жарандарыбыз ошол тилдерде жазып, тынчтык акцияларын өткөрүп жиберишти. Бул жагынан алганда биз үстөмдүк кылдык. Анткени бизде сөз эркиндиги бар, көз карандысыз медиалар көп. Бул окуя бизге сөз эркиндиги чоң ролго ээ экендигин көрсөттү. Оперативдүү, ыкчам, мобилдүү реакция берип таратып, анан чын эле дүйнөлүк медиалар «Тажикстан агрессия кылды» деп жазып чыгышып, упай биз тарапта болду», − деген ойдо социолог.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM