Биз менен байланышыңыз

Ирактан алынып келинген 79 балага документ берүү маселеси каралды

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 563 | 0

Бүгүн, 18-майда Ирактан алынып келинген балдарды реабилитациялоо үчүн ой-пикир жана тажрыйба алмашуу боюнча жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекова, эксперттер, Казакстан, Өзбекстандан келген өкүлдөр катышты.

«Мээрим» гуманитардык миссиясынын алкагында Кыргызстан жарандарынын 79 баласы Ирактан келген. Документ иштери аяктагандан кийин алар туугандарына өткөрүлүп берилет. Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө алардын абалы жакшы. Атайын психологдор тобу, дарыгерлер жана социалдык кызматкерлер тыгыз иштешүүдө.

Эске салсак, «Мээрим» гуманитардык акциянын алкагында 79 бала Ирактан алынып келинген. Анын — 38и эркек балдар, 41и — эки жаштан он сегиз жашка чейинки кыздар болгон. Алардын 90 пайызы (63 бала) аз кандуулуктан жабыркайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM