Connect with us

УКМК: Баасы 20 миллион доллар болгон жарым тоннага жакын нашаа кармалды (видео)

Кыска кабар | 18 Май 2021 | 829 | 0

УКМК Борбордук Азия аймактары аркылуу Жакынкы Чыгыш Европа өлкөлөрүнө ири өлчөмдөгү героин баңгизатын ташып жүргөн ири нашаа каналын аныктап, алардын ишине бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, ыкчам издөө иштеринин алкагында Ош облусунан оор жүк ташуучу унаа кармалган. Текшерүү учурунда баасы 20 млн долларды түзгөн 440 килограмм героин баңгизаты алынган.

Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизиндеги сотко чейинки өндүрүштүн алкагында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген эки кыргыз жараны УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда аталган баңги каналга тиешеси бар адамдарды аныктоо жана аларды жоопко тартуу боюнча ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, өлкө эгемендик алган жылдардан бери мындай өтө оор салмактагы баңгизат күч органдары тарабынан биринчи жолу кармалып жатат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM