Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров 24-майда Сочиде Путин менен жолугат

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 815 | 0
Орусиянын президенти Владимир Путин 24-майда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолуга турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Владимир Путин бүгүн элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып: «Кыргызстан менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамиле бекемделүүдө. Биздин өлкөлөрдү биргелешкен тарыхыбыз байланыштырып турат. Биз бири-бирибиз менен эки тараптуу ишеним жана сый мамиледебиз. Кыргызстан менен Орусия соода-экономикалык, маданий-гуманитардык  ж.б тармактар боюнча тыгыз кызматташып келебиз. Евразиялык интеграцияны ишке ашырууда да биргеликте аракет кылуудабыз. 24-майда Сочиде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен боло турган жолугушууда да ушул темалар боюнча пикир алышабыз»— деп билдирген.

Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаров май айынын аягында Орусияга жана Түркияга иш сапары менен бара турганы айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM