Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, 19-майда күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 15…17, күндүз 32…34;

Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 19…24;

Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 29…31 градус болот.