Connect with us

Борбор шаардагы көчөлөрдү жарыктандыруу иштери уланууда

Кыска кабар | 18 Май 2021 | 450 | 0

«Бишкек жарык» муниципалдык ишканасы борбордогу түнкү чырактарды орнотуу, оңдоп-түзөө иштерин улантууда. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Маалыматка ылайык, Биринчи май районунун аймагында Профессор Зима көчөсүнүн Ташкент көчөсүнөн Баялинов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө 4 чырак, Эркиндик бульвары менен Токтогул көчөсүнүн кесилишине дагы бир чырак орнотулду.

Ошондой эле Худайбергенов менен Жаманбаев көчөлөрүнүн кесилишине 3 чырак коюлган. Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 8 торшер жарык берүүдө. Токтоналиев көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Медеров көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2 чырак бар.

Ал эми Логвиненко жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги үзүлгөн зым кайра уланды. Мурас-Ордо жаңы конушунун №7 көчөсүндө 900 метр изоляцияланган зым тартылды.

Ак-Өргө конушунун Жетиген көчөсүндө Өмүракунов көчөсүнөн Хан-Теңир көчөсүнө чейин 24 чырак жана кроншейн коюлду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM