Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев Тажикстандын Худжанд шаарын зыярат кылат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 мая 2021 | 1105 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 10-12 июнь күндөрү Тажикстанга расмий сапар менен барат. Бул сапардын алкагында ал Согди облусунун борбору Худжанд шаарын да зыярат кылат. Бул тууралуу «Азия-Плюс» басылмасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, Худжанд шаарына Шавкат Мирзиёевди Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзү коштоп барат. Анда өзбек президенти Согди облусунун соода-экономикалык абалы менен таанышып, бир катар ишканаларды зыярат кылмакчы. Мындан сырткары эки өлкө соода алаканы өнүктүрүү үчүн 30га жакын документке кол коеру күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Тажикстан менен Өзбекстандын алакасы Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден соң кайра жанданды. Ал эми Өзбекстандын туңгуч президенти, маркум Ислам Каримовдун башкаруусу учурунда өзбек-тажик алакасы бир топ солгундап, чек аралары бири-бирине жабык болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM