Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Турак жайсыз калган жарандарга көчмө үйлөр жана чатырлар тигилип берилди

Кыска кабар | 18 мая 2021 | 493 | 0

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда турак жайсыз калган жарандарга жалпы 75 мобилдүү көчмө үй жана чатыр тигилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анын ичинен Баткен аймактык башкармалыгы тарабынан Лейлек районунун Максат айылына 25 чатыр тигилип берилди.

Ал эми «Кызыл Ай» коому тарабынан Баткен районунун Ак-Татыр айылына 16 көчмө үй, 8 чатыр, Ак-Сай айылына 8 көчмө үй, 8 чатыр, Достук айылына 10 чатыр тигилди.

Белгилей кетсек, чек арадагы куралдуу жаңжалдан Лейлек районунда 93, Баткен районунда 43, жалпы 136 үй талкаланып калган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM