Биз менен байланышыңыз

Кытай бийлиги Палестинаны колдой турганын билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 17 мая 2021 | 1254 | 0

Кытай бийлиги палестин-израиль ортосундагы чыр-чатакта Палестинаны колдой турганын бирлдирди.

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И пакистандык кесиптеши Шах Махмуд Курайши менен жолугушуусу учурунда Палестинага колдоо көрсөтөрүн билдирген.

«Кытай палестиналыктардын мыйзам чегиндеги укуктарынын корголушун жана учурдагы көйгөйлөр саясий сүйлөшүү жолу менен гана чечилүүсүн каалайт. Палестина маселесинде БУУ, Араб өлкөлөрү жана Ислам кызматташтык уюмунун позициясын кубаттайт», — деп билдирген Ван И.

Расмий Пекин БУУнун Коопсуздук кеңеши палестин-израил чатагын «эки мамлекет түзүү» концепциясынын негизинде тынчтык жолу менен, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чечилиши керек деп эсептейт.

Бирок учурда БУУнун Коопсуздук кеңеши бул маселеде дагы деле бир пикирге келе элек. «Тилекке каршы, Коопсуздук Кеңеши дагы деле бир токтомго келе албай жатат. Айрыкча АКШнын бул жааттагы пикири адилеттикке каршы келүүдө. Биз Коопсуздук Кеңешинин бардык мүчөлөрү өз милдеттерин так аткарууга чакырабыз жана Ортонку Чыгышта тынчтык орнотууну зарыл деп белгилейбиз», — деп кошумчалаган Кытайдын Тышкы иштер министри.

Белгилей кетсек, палестин-израиль алакасындагы жарака өткөн кылымдан бери маал-маалы менен уланып келүүдө. Акыркы куралдуу кол салуулар 10-майда башталган. Учурда Израилдин абадан соккусунан улам Газа секторунда жүздөгөн палестиналыктар каза болду. Ал эми Палестинанын ХАМАС тобунун соккуларынан улам Израилдин 2 жай тургуну каза болгону айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM