Биз менен байланышыңыз

Египет Суэц каналын кеңейтет

Дүйнө , Кыска кабар | 17 мая 2021 | 1046 | 0

Египет Суэц каналын кеңейтүү долбоорун кабыл алып, аны 10 км узартууну чечти. Ошондой эле каналдын 30 км аралыктагы аймагынын түштүк тарабы кеңейтилип, тереңдетилет.

Суэц каналынын жетекчилиги каналды кеңейтүү жана тереңдетүү иштерин баштады. Бул тууралуу каналдын жетекчиси Усома Роби маалымдаганын Al-Youm Al-Sabia порталы жазды.

Робинин айтымында, каналды кеңейтүү иштери март айында Ever Given контейнер ташуучу суу кемеси тыгылып калган жерден башталган.

Долбоорго ылайык канал 10 километрге узартылат. Ошондой эле кеңейтүү иштери да аткарылат.

Жер Ортолук деңизи жана Кызыл деңизди бириктирип турган Суэц каналынын узундугу 193,3 км, тереңдиги 24 метрди түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM