Биз менен байланышыңыз

«Кумтөрдү» иштеткен компаниянын директорлор кеңешине шайлоо болуп өттү

Кыска кабар | 13 мая 2021 | 798 | 0

«Centerra Gold Inc.» компаниясынын директорлор кеңешине шайлоо болуп өткөнү ишкананын расмий сайтына жарыяланды.

11-майдагы акционерлердин жылдык жыйынында директорлор кеңешин да кайра шайлоо өткөн. Анда Кыргызстандан Теңиз Бөлтүрүк, Дүйшөн Касенов, Нурлан Кыштообаев кеңешке мүчө катары тандалып алынган.

Директорлор кеңешинин 11 мүчөсү бар, анын үч мүчөсү Кыргызстандын жараны болууга тийиш. Алар жыл сайын май айында шайланып турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM