Биз менен байланышыңыз

Артём Новиков Орозо айт майрамы менен кыргызча куттуктады [видео]

Кыска кабар | 13 мая 2021 | 893 | 0

Артём Новиков кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен кыргыз тилинде куттуктады. Ал видеокуттуктоосун социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.

«Орозо айт майрамы — биздин көп улуттуу элибиздин бай, руханий мурасынын ажырагыс бөлүгү. Коронавирус пандемиясында жана Баткен облусундагы акыркы окуяларда элибиз биримдикти, тилектештикти жана чыдамдуулукту көрсөттү. Руханий тазалануу, кайрымдуулук жана жакшы иштерди жасоо сыяктуу баалуулуктар бардык диний ишенимдеги адамдарга бирдей жакын», — деди Новиков.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары мекендештерге чың ден соолук, бакыт, тынчтык жана ийгилик каалап, өлкөбүздө бейпилдик жана өнүгүү болушун тиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM