Биз менен байланышыңыз

Элчилер Эдил Байсалов, Эрлан Абдылдаев, Эрмек Ибраимовдун дипломатиялык миссиясы кеңейди

Кыска кабар | 13 мая 2021 | 14756 | 0

Президент Садыр Жапаров чет өлкөлөргө элчилерди дайындаган жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландиядагы элчиси  Эдил Байсалов мындан ары Ирландия жана Исландияга да элчилик кылуу  милдетин аткарат.

Ал эми Кыргызстандын Германиядагы элчиси Эрлан Абдылдаев Берлиндеги резиденциясы менен катар Норвегия, Дания, Швеция, Ватикан жана Польшага да элчи боло турган болду.

Ошондой эле Кыргызстандын Беларусиядагы элчиси Эрмек Ибраимов Минск шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта Латвия жана Эстонияга да элчи болуп дайындалды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM