Биз менен байланышыңыз

Татарстандагы мектепте ок аткан Ильназ Галявиев эки айга камакка алынды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 мая 2021 | 1518 | 0

Татарстандын борбору Казань шаарынын Совет райондук соту калаадагы №175 мектепте ок аткан 19 жаштагы Ильназ Галяев 11-июлга чейин камакта калтырды. Ал тергөө иштери аяктаганча Казан шаарындагы СИЗО-1де кармалат.

Галявиев Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-3-пункттары менен («эки же андан ашык адамды жалпы коркунучтуу жол менен өлтүрүү») айыпталууда. Бул беренеге ылайык, айыпкер өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тергөөнүн версиясы боюнча, жигит киши өлтүрүү аркылуу эл алдында өзүнүн «артыкчылыгын далилдегиси» келген. Аны ишке ашыруу үчүн ал мылтыкты ок-дарысы менен сатып алган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүнүн мектепке колго жасалган жарылуучу затты орноткону да аныкталды. Бактыга жараша, жарылуудан жабыркагандар катталган эмес. Артынан удаа 17 жолу ок чыгарып, анын кесепетинен 9 адам көз жумуп, 21 адамдын жаракат алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM