Биз менен байланышыңыз

Рамзан Кадыров: Хабиб «Ахматта» мушташса, каалаган акчасын төлөп берем

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 13 мая 2021 | 2474 | 0

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров UFC уюмунун чемпиону Хабиб Нурмагомедовго «Ахмат» спорт клубунун мушкерлери менен беттешип көрүүнү сунуштады. Эгер мушташка макул болсо, өзү каалаган сумманы төлөп берүүгө даяр экенин социалдык тармактагы баракчасы аркылуу айтты.

«Хабиб Нурмагомедов UFC мушкерлерин 100 пайыз жеңди. Ал эми «Ахмат» спорт клубунун мушкерлерин жеңе алабы? Бул суроо жаратат. Мен Хабибге «Ахмат» клубундагы салмагы туура келген мушкерлер менен беттешип көрүүсүн сунуштайм. Бул үчүн өзү каалаган гонорарды берүүгө да даярмын. Хабиб UFC’де беттешке чыкса, биз аны колдочубуз, бирок «Ахматта» мушташса, биз өзүбүздүн мушкерлерибизди колдойбуз», — деп айтты түз эфирден Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров.

Белгилей кетсек, Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Жастин Гэйтжини утуп (29-0), карьерасын жыйынтыктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM