Биз менен байланышыңыз

Чемпиондор Лигасынын финалы Стамбулда эмес, Лиссабондо өтөт

Буга чейин Түркиянын Стамбул шаарындагы 76 миң орундуу «Ататүрк Олимпик» стадионунда өтөт делген Европанын футбол боюнча Чемпиондор Лигасынын финалы Португалиянын борбору Лиссабон шаарындагы 52 миң 202 орундуу «Драгау» стадионунда өтө турган болду. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Мындай чечим коронавирус инфекциясынан улам Стамбул шаарына катаал чектөөлөрдүн киргизилишине байланыштуу кабыл алынган. Ошол эле учурда Англия Түркияны «кызыл зонага» кирген өлкөлөрдүн катарына кошуп, барууга ылайыксыз деп тапкан.

Эске салсак, Чемпиондор Лигасынын финалы 29-май күнү өтөт. Анда англиялык клубдар «Челси» жана «Манчестер Сити» командалары беттешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM