Биз менен байланышыңыз

Индияда коронавирустан каза тапкандардын антирекорду катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 мая 2021 | 1337 | 0

Индияда акыркы сутка ичинде 348 миң 421 адам коронавируска чалдыгып, 4205 бейтап илдеттен көз жумду.

Муну менен Индия мамлекети суткалык каза табуулардын саны боюнча антирекорд жаратып, дүйнөдө биринчи орунга чыкты.

Бул өлкөдө COVID-19дан каза тапкандардын эң жогорку көрсөткүчү буга чейин ушул жылдын 8-майында катталган. Анда 4 187 адам каза тапкан.

Айрым басылмалар жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму Индияда каза тапкандар расмий көрсөткүчтөн да алда канча жогору болушу мүмкүндүгүн билдиришүүдө.

Жалпы вирус жуккандардын саны боюнча Индия экинчи орунда турса, жалпы каза табуулардын саны боюнча үчүнчү орунга чыкты. Өлкөдө пандемия башталгандан бери 23 млн 340 миң 938 адам коронавируска чалдыгып, 254 миң 197 адам каза тапты.

Индияда COVID-19дан каза тапкандардын сөөгүн дарыяга таштоого өтүштү

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM