Биз менен байланышыңыз

Министр: Быйыл кумшекер менен өзүбүздү 70% камсыздоого жетишебиз

Кыска кабар , Пикирлер | 12 мая 2021 | 904 | 0

Жакынкы 5 жылда Кыргызстан өзүн өсүмдүк майы менен 70% камсыз кылууга жетишүүсү керек. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкө негизги стратегиялык продуктуларга болгон суроо-талаптын 70% өзү өндүргөн продукция менен жаба алганда гана азык-түлүк коопсуздугу камсыздалды десек болот. Бирок учурда Кыргызстан кумшекер менен өзүн 50%, өсүмдүк  майы менен 17 % гана камсыздай алат.

«Былтыр кант кызылчасы 8 миң 300 гектар жерге айдалган. Аны менен өзүбүздүн ички керектөөбүздүн 50%ын камсыздай алдык. Калган 50%ын Орусия, Белорусиядан алып келүүгө туура келди. Ал жакта баа көтөрүлгөнү үчүн бизде да баа көтөрүлдү. Быйыл 12 гектар жерге кант кызылчасын айдайбыз деп болжодук эле, буюрса, 11 гектардан ашып калдык. Бул бизде ички керектөөнүн 65-70%ын жапкан кумшекер өндүрүүгө жол ачып берет. Өсүмдүк майы менен биз, тилекке каршы, өзүбүздү 17% гана камсыз кылабыз. 20 миң гектардын тегерегинде себилет. 20 жыл мурун эле 65-67 миң гектарга сепчүбүз. Бул — туура пландоо маселесине жакшы көңүл бөлүнбөй калганынын кесепети. Эмдиги жылы өсүмдүк майынын аянты көбөйөт. Жакынкы 5 жылда өзүбүздү май менен 70% камсыз кылууга жетишүүгө аракет кылабыз», — дейт министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM